Электрондук дарек
seynis@mail.ru
Телефон
+996 555 147 718

Президент Садыр Жапаровдун Россияга болгон иш сапары аяктады

27.12.2024
14

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 24-26-декабрда Россия Федерациясына болгон иш сапары аяктады.

Мамлекет башчысы Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынына, ошондой эле Россия тарап жыл сайын демилгелеп келген Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) өлкөлөрүнүн лидерлеринин бейформал жолугушуусуна катышты. Эки иш-чара тең Ленинград облусунда өттү.

КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери үчүн жаңы жылдын алдындагы маданий программа тартууланды.

Иш сапарын аяктап, Президент Садыр Жапаров 27-декабрда Ош шаарына келди.