Электрондук дарек
seynis@mail.ru
Телефон
+996 555 147 718

Шекер айыл өкмөтү конкурс жарыялайт.

20.02.2026
45

 

Талас облусунун Айтматов  районунун Шекер айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин  жана муниципалдык менчикте турган жер участокторуна ижара укугун берүү боюнча Шекер  айыл өкмөтү конкурс жарыялайт.

Шекер айыл аймагынын айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин  Арчагул айылы боюнча кайракы жер аянтынан 
1 лот № 23 контур 5га, 

2 лот № 23 контур 5га,

3 лот № 23 контур 5га, 

4 лот № 23 контур 4га,

5 лот № 23 контур 5га, 

6 лот № 13 контур 2га, 

7 лот № 13 контур 5га,

8 лот № 13 контур 4.5га, 

9 лот № 13 контур 1.70га,

10 лот № 13 контур 3га, 

11 лот № 13 контур 2га, 

12 лот № 74 контур 1га


Жалпы 43.2 га 

Шекер айыл аймагынын айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин Көк-Сай айылы жана Кайнар айылы боюнча кайракы жер аянтынан 
№ 37 контур 155га, 

№ 89 контур 31га, 

№ 158 контур 9га,

№ 184 контур 13га, 

№ 1424 контур 45,5 га, 

№ 1540 контур 10га,           

№ 1641 контур 8га, 
№ 192 контур 5га,

жалпы 276,5 га 

Шекер айыл аймагынын муниципалдык менчикте турган жер участокторун жерлеринин  Шекер  айылы боюнча бак  жер аянтынан 

№505 контур 1.0га
№505 контур 2.0га

№494 контур 1.80га

№494 контур 1.80га

№494 контур 1.0га

№494 контур 2.0га

№494 контур 2.0га
№494 контур 1.70га

№494 контур 1.0га

жалпы 14,3 га 

Көк-Сай айылы боюнча суугат жер аянтынан 

№ 297 контур 1,84га

Конкурсту  өткөрүү жана арыздарды  кабыл алуу мөөнөтү:

Конкурс өткөрүү боюнча жарыя жалпыга маалымдоо каражаттарына же айыл өкмөтүнүн сайтына расмий жарыяланган күндөн баштап: 2026-жылдын 2-мартынан                        2026-жылдын  13- мартына  чейин саат 18.00 чейин арыздар кабыл алынат. 2026-жылдын       16-мартында келген  арыздар кабыл алынбайт. 2026-жылдын 23 - мартында  конкурс               Көк-Сай айылынын маданий үйүндө саат 10 00 өткөрүлөт. 

  • Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун ижарачыларына коюлган талаптарга ылайык конкурстун шарттарынын бири катары ижара акысынын өлчөмү баштапкы ижара акысы Шекер, Арчагул айылындагы  (бир гектары) 2000(эки мин) сом деп аныкталат, ал эми Көк-Сай, Кайнар айылында жайгашкан жерлер (бир гектары) 1000( мин) сом деп аныкталат.
  • Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү боюнча ижарачыларына коюлган талаптарга ылайык конкурстун шарттарынын бири катары ижара акысынын өлчөмү баштапкы ижара акысы Шекер айылындагы  бак (бир гектары) 3000 (үч мин) сом деп аныкталат, ал эми Кайнар айылында жайгашкан сугат жер (бир гектары) 7000( жети мин) сом деп аныкталат.
  • Ижара акынын өлчөмү жана ижара акыны төлөөнүн түрү, мөөнөттөрү боюнча эң жакшы шарттарды сунуш кылган катышуучу жеңүүчү деп таанылат);

 
Конкурска  катышуу тартиби:

  • Жашы жеткен (жашы он сегизге толгон), жарандык аракетке толук жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны катыша алат.
  • Конкурстун катышуучусу баардык лотторго кепилдик төлөмдү ар бир лотко өзүнчө төлөп катышууга укуктуу. 
  • Конкурстун катышуучусу Шекер  айыл өкмөтүнүн  мамлекеттик фондунун айыл чарба жерлерин  ижарага берүү боюнча комиссиясынын кароосуна өз сунушун табыштамасы менен жабык конвертте чапталган түрдө берет.
  • Конверттин бетинде катышуучунун аты жөнү, фамилиясы, атасынын аты, катыша турган лоттун номери көрсөтүлүшү керек.

Конкурстун жалпы талабы:
- арыз конкурс  өткөрүү жөнүндө билдирүүдө көрсөтүлгөн арыздарды кабыл алуу мөөнөтү өтүп кеткенде берилгенде;

- конкурстун катышуучусунун атынан кайрылууга ыйгарым укугу жок адам тарабынан арыз берилгенде;

- конкурс  өткөрүү жөнүндө билдирүүдө жарыяланган тизме боюнча зарыл болгон документтер толугу менен берилбесе же болбосо берилген документтер тиешелүү түрдө таризделбесе.

Конкурска  катышуу тартибинде каралбаган жолдор менен жиберилген арыздар жана сунуштар каралбайт. Жиберилген сунуштар рецензияланбайт жана түп нускасы кайтарылбайт

 

Конкурска  катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

- катышуучунун өзүнүн арызы;

- ижара акынын өлчөмү жана ижара акыны төлөөнүн түрү, мөөнөттөрү боюнча 

   шарттары көрсөтүлгөн сунушу.

-катышуучунун паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).

-Айыл өкмөтүнүн жүгүртмө барагы 

- Конкурска  кирүү үчүн кепилдик төлөм  төлөнгөндүгү тууралуу квитанция

- эгерде арыз конкуска катышуучунун өкүлү аркылуу берилсе өкүлүнүн ыйгарым укуктары нотариалдык түрдө ырасталган ишеним каттын түп нускасы жана өкүлдүн паспортунун көчүрмөсү

Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарды конкурска  катыштырууга жол берилбейт.

Конкурска катышуу үчүн керектүү документтерди төмөндөгү дарекке  жарыя  чыккан күндөн баштап 10 календарлык күндүн ичинде саат 9-00 дөн  18:00 га чейин тапшыруу керек.      

            Дареги: Айтматов району, Шекер айыл аймагы, Көк-Сай айылы К.Нукеев  көчөсү, №20,   байланыш телефондору:  (0709292943 0505147718).