Конкурс муниципалдык менчиктеги жер аянтарын берүү боюнча
Талас облусунун Айтматов районунун Шекер айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү боюнча Шекер айыл өкмөтү конкурс жарыялайт.
Шекер айыл аймагынын Шекер айылы боюнча бак жер аянтынан
№579 контур 5.0га
№576 контур 2.0га
№495 контур 3.0га
№ 575 контур 3.0га
№494 контур 52.5га
№573 контур 10.га
№499 контур 2.0га
№503 контур 1.0га
№504 контур 1.0га
№480 контур 4.0га
№505 контур 6.0га
№509 контур 4.0га
№511 контур 1.0га
жалпы 94.5 га
Көк-Сай айылы боюнча суугат жер аянтынан
№ 492 контур 1,15га,
№ 488 контур 1,61га,
№ 297 контур 1,84га
жалпы 4.6га
Арчагул айылы боюнча кайракы жер аянтынан
№ 13 контур 9.0га
Конкурсту өткөрүү жана арыздарды кабыл алуу мөөнөтү:
Конкурс өткөрүү боюнча жарыя жалпыга маалымдоо каражаттарына же айыл өкмөтүнүн сайтына расмий жарыяланган күндөн баштап: 2025-жылдын 21-апрелинен 2025-жылдын 28-апрелине чейин саат 18.00 чейин арыздар кабыл алынат. 2025-жылдын 29-апрелинде келген арыздар кабыл алынбайт. 2025-жылдын 30-апрелинде конкурс Көк-Сай айыл өкмөтүнүн маданий үйүндө саат 10 00 өткөрүлөт.
- муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү боюнча ижарачыларына коюлган талаптарга ылайык конкурстун шарттарынын бири катары ижара акысынын өлчөмү баштапкы ижара акысы Шекер айылындагы бак (бир гектары) 3000(үч мин) сом деп аныкталат, ал эми Көк-Сай, Кайнар айылында жайгашкан суугат жерлер (бир гектары) 7000( жети мин) сом деп аныкталат. Арчагул айылында жайгашкан жерлер (бир гектары) 2000 (эки миң) сом деп аныкталат.
- Ижара акынын өлчөмү жана ижара акыны төлөөнүн түрү, мөөнөттөрү боюнча эң жакшы шарттарды сунуш кылган катышуучу жеңүүчү деп таанылат);
Конкурска катышуу тартиби:
- Жашы жеткен (жашы он сегизге толгон), жарандык аракетке толук жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны катыша алат.
- Конкурстун катышуучусу баардык лотторго кепилдик төлөмдү ар бир лотко өзүнчө төлөп катышууга укуктуу.
- Конкурстун катышуучусу Шекер айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү боюнча комиссиясынын кароосуна өз сунушун табыштамасы менен жабык конвертте чапталган түрдө берет.
- Конверттин бетинде катышуучунун аты жөнү, фамилиясы, атасынын аты, катыша турган лоттун номери көрсөтүлүшү керек.
Конкурстун жалпы талабы:
- арыз конкурс өткөрүү жөнүндө билдирүүдө көрсөтүлгөн арыздарды кабыл алуу мөөнөтү өтүп кеткенде берилгенде;
- конкурстун катышуучусунун атынан кайрылууга ыйгарым укугу жок адам тарабынан арыз берилгенде;
- конкурс өткөрүү жөнүндө билдирүүдө жарыяланган тизме боюнча зарыл болгон документтер толугу менен берилбесе же болбосо берилген документтер тиешелүү түрдө таризделбесе.
Конкурска катышуу тартибинде каралбаган жолдор менен жиберилген арыздар жана сунуштар каралбайт. Жиберилген сунуштар рецензияланбайт жана түп нускасы кайтарылбайт
Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:
- катышуучунун өзүнүн арызы;
- ижара акынын өлчөмү жана ижара акыны төлөөнүн түрү, мөөнөттөрү боюнча
шарттары көрсөтүлгөн сунушу.
- катышуучунун паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).
-Айыл өкмөтүнүн жүгүртмө барагы
- Конкурска кирүү үчүн кепилдик төлөм төлөнгөндүгү тууралуу квитанция
- эгерде арыз конкуска катышуучунун өкүлү аркылуу берилсе өкүлүнүн ыйгарым укуктары нотариалдык түрдө ырасталган ишеним каттын түп нускасы жана өкүлдүн паспортунун көчүрмөсү
Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарды конкурска катыштырууга жол берилбейт.
Конкурска катышуу үчүн керектүү документтерди төмөндөгү дарекке жарыя чыккан күндөн баштап 8 календарлык күндүн ичинде саат 9-00 дөн 17:00 га чейин тапшыруу керек.
Дареги: Айтматов району, Шекер айыл аймагы, Көк-Сай айылы К.Нукеев көчөсү, №20, байланыш телефондору: (0709292943. 0550027992)